Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын
кезексиз 2 сессиясынын
ТОКТОМУ №2-1
2025-жылдын 14-октябры Жумгал айылы
Жумгал айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан
делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №270 Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын 22-декабрында өтүлүүчү Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө,Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөЖобого ылайык уюштуруу жөнүндө маселени карап, Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жумгал айыл аймагы 1- тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн.
2.Жумгал айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынындагы жарандардын жалпы саны 30 адамдан түзүлсүн.
3.Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жарандардын жыйындарындагы жарандарды шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча 7 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны М.Өмүрканова орто мектебинин имаратында 2025-жылдын 1-ноябрында саат 11-00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым: Б.Мусаева
Жумгал айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 14.10.2025-
жылдагы №2-1 токтомуна №1 тиркеме
Жумгал айыл аймагынын калктуу конуштарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери
1.Жумгал айылынан Бака Жар участогунан: (Т.Мурсалиев,Т.Сабыров,А.Бегалиев, К.Орозалиев,көчөлөрү кирет).
2.Таш көчө учрстогунан: (Н.Эсеналиев,А.Курманалиев,С.Рысбаев, Б.Искенов,Абдинасир,К.Сопалиев,Султан-Ата,К.Абдыразаков,Эстебес уулу Өскөнбек,Ж.Турсунбаев көчөлөрү кирет).
3.Сай участогунан: (И.Шайлоо,Ислан,Б.Асанов,А.Жетигенов көчөлөрү кирет).
4.Лама айылынан:Узун Булак,Төлөк Ата,Ш.Асанканов,Келечек,Шайбыр Ата көчөлөрү кирет).
5.Чоң-Дөбө айылынан: (А.Аманалиев,Ш.Молдалиев,Токтобек,К.Мажы көчөлөрү кирет)
6.Чоң-Дөбө айылынан: (Алияскар,Кенжекара,Отунчу көчөлөрү кирет).
Катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 14.10.2025-
жылдагы №2-1 токтомуна №2 тиркеме
Жергиликтүү жаматтардын жарандардын жыйындарын өткөрүү боюнча графиги жана алардын шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктү ченемдери
| № | Жыйындарды өткөрүү орду жана датасы. | Өткөрүү убактысы | Делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери. | жооптуулар |
| 1 | Лама айылынан Р.Асанбеков көчөсүндөгү Клубдун жанында аянтта. | 17.10.2025-ж
Саат 10-00 дө |
5 делегат
3-эркек 2-аял
|
Жергиликтүу кенештин депутаттары жумушчу топ. |
| 2 | Чоң-Дөбө айылынан Кенжекара көчөчөсүндөгү Айыл өкмөтүнүн
имаратында. |
17.10.2025-ж
Саат 12-00дө |
5-делегат
3-эркек 2-аял |
Жергиликтүу кенештин депутаттары жумушчу топ. |
| 3 | Чоң-Дөбө айылынан Отунчу көчөсүндөгү жыйындар залында. | 17.10.2025-ж
Саат 14-00дө |
5-делегат
3-эркек 2-аял |
Жергиликтүу кенештин депутаттары жумушчу топ |
| 4 | Бака Жар участогу Т.Сабыров көчөсүндөгү К.Жумалиевдин үйүнүн жанындагы аянтта. | 18.10.2025-ж
Саат 10-00дө |
5-делегат
3-эркек 2-аял |
Жергиликтүу кенештин депутаттары жумушчу топ |
| 5 | Таш көчө участкасы Б.Асанова көчөсүндөгү Мечиттин жанында. | 18.10.2025-ж
Саат 12-00дө |
5-делегат
3-эркек 2-аял |
Жергиликтүу кенештин депутаттары жумушчу топ |
| 6 | Сай участогу И.Шайлоо көчөсү Э.Эшенкуловдун үйүнүн жанындагы аянтта. | 14.10.2025.
Саат 14-00дө |
5 делегат
3- эркек 2- аял |
Жергиликтүу кенештин депутаттары жумушчу топ |
Катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 14.10.2025-
жылдагы №2-1 токтомуна №3 тиркеме
Жергиликтүү жамааттардын жарандарынын жыйындарынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин
депутаттардын тизмеси:
1.Б.Мусаева-уюштуруучу топтун төрайымы.
2.Д.Карагулов,Ш.Турсуналиева-Жумгал айылынын чет жактагы айыл боюнча жооптуу.
3.С.Абдырасулов-Лама айылы боюнча жооптуу.
4.У.Касымбеков,Сабырбек к Н,Адилбек уулу З -Ортоңку айылга жооптуу.
5.М.Акматов,Ж.Казыбаева,С.Сыдыков,Н.Жумашова-Чоң-Дөбө айылы боюнча жооптуу.
Катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 14.10.2025-
жылдагы №2-1 токтомуна №4 тиркеме
Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун
курамы.
1.Б.Мусаева-Жумгал айылдык Кеңешинин төрайымы,жумушчу топтун төрагасы.
2.э.Сайпидинов-Жумгал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жумушчу топтун катчысы.
Мүчөлөрү:
3.Т.Жолоева-соц адис жумушчу топтун мүчөсү.
4.Т.Шарипканов-Лама айыл башчы жумушчу топтун мүчөсү.
5.Эрикбек уулу К-Чоң-Дөбө айыл башчы жумушчу топтун мүчөсү.
6.М.Карымшакова-Е-кызмат санарип аймак адис жумушчу топтун мүчөсү
7.Салкарбек уулу А-инвестиция туризим боюнча башкы адис жумушчу топтун мүчөсү.
Катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 14.10.2025-
жылдагы №2-1 токтомуна №5 тиркеме
Жумгал айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү
ГРАФИГИ
| № | Айыл аймак | Чогулуш өтүлүүчү жер | убактысы | Уюштуруучулар |
| 1 | Жумгал айылы | М.Өмүрканова орто мектебинде | 01.11.2025-ж
Саат 11-00дө |
Жергиликтүу кенештин депутаттары жумушчу топ |
Катчы: Э.Сайпидинов

